• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда өрттүн саны былтыркы жылга салыштырмалуу 35,3% азайды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда өрттүн саны былтыркы жылга салыштырмалуу 35,3% азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2020-жылдын 8 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 202 өрт кырсыгы катталган. Былтыр ушул эле мезгилде 312 өрт катталган.

"Өрттөн 2 адам өмүрү жана 91 млн 194 миң сомдук материалдык баалуулуктарды сактап калдык, каза болгондор же болбосо жабыркагандар жок. Болуп өткөн өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 12 млн 119 миң 423 сомду түзгөн. Өткөн жылы материалдык чыгым 202 млн 503 866 сомду түзгөн, салыштырмалу быйыл тилсиз жоодон келтирилген материалдык чыгым 94 пайызга аз”, - деди ал.

Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 73 (36,1%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 26 (12,9%);

- балдардын от менен ойноосунан – 28 (13,9%),

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 14, (6,9%).

Өрт болгон негизги обьектилер:

- турак-жай сектору 132 (65,3%)

- автоунаа, гараж, 25 (12,4%)

- ачык аймак 14 (6,9%)

-өндүрүш обьектилери 7 (3,5%)

- кампалар, соода бөлмөлөр 7 (3,5%).

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында 24 өрт катталган;

- Кара-Көл шаарында - 5;

- Майлуу-Суу шаарында - 6;

- Таш-Көмүр шаарында - 15;

- Аксы районунуда - 13;

- Ала-Бука районунда - 12;

- Базар-Коргон районунда - 17;

- Ноокен районунда - 31;

- Сузак районунда - 51;

- Тогуз-Торо районунда - 4;

- Токтогул районунда - 20;

- Чаткал районунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Көпчүлүк өрт кырсыктары турак-жайларда катталган. Жалпы 202 өрт кырсыгынан 132 өрт кырсыгы турак-жай секторунда.

Пикир

Оставить комментарий