• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Нарындан Бишкекке Go Bus кичи автобустарынын каттамы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Нарындан Бишкекке бүгүндөн тарта Go Bus кичи автобустарынын каттамы ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Анда белгиленгендей, “Go Bus” ачык акционердик коомунун колдоосу менен кичи автобустар "Бишкек-Нарын-Бишкек” маршруттук каттамы боюнча жүрө баштады.

Алгачкы жүргүнчүлөр Бишкектен Нарын шаарына келишти.

Каттам Нарынга келе турган туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “Go Bus” ачык акционердик коомунун макулдашуусунда ачылгандыгы айтылды.

Учурда Ысык-Көл жана Нарын облустарында гана мындай каттам бар.

Мындан ары Нарын шаарынан Бишкек шаарына, кайра Бишкектен Нарынга келе турган жүргүнчүлөр кичи автобустар менен каттай алышат.

Каттамдын өзгөчөлүгү – билеттерди Gо Bus мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук капчык менен алдын ала сатып алса болот. Билеттин баасы 500 сом. Кичи автобустардын ичинде акысыз интернет (Wi-Fi) бар.

"Кичи автобустар күн сайын Бишкек шаарындагы Ибраимов-Фрунзе көчөсүндөгү аялдамадан саат 08.00дө чыгып, ортодон Кочкор районундагы туристтик борбордо тыныгуу жасап, Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына 12.30да келет.

Ал эми кайра Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтынан күн сайын саат 10.00дө чыгып, 14.30да жүргүнчүлөрдү Бишкек шаарына жеткирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий