• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Талас облусунун Сасык-Булак айылындагы Б.Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият маалымат жаштар саясаты жана спорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага маданият маалымат жаштар саясаты жана спорт министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев, манасчы, дастанчы, төкмө акындар жана акындын айылдаштары менен бир катар маданият ишмерлери катышты.

Анда акындын чыгармачылыгына саресеп салынып, бүгүнкү күндө Байдылда Сарногоевдун ырлары өз актуалдуулугун жоготопой келе жатканы, анын адамдык парасаты жана жогорку чыгармачылык касиети тууралуу жылуу пикирлер айтылды.

“Мурдагы өткөн атактуу адамдардын кыял-жоруктарын, жүрүш-турушун айтып берип, оозеки кеби менен да өз кумирлерин ээрчитип жүргөн бул акын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий