• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто уурулукка шектүү кармалып, анын жанынан 25 телефон табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Ошто уурулукка шектүү кармалып, анын жанынан 24 телефон табылган. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын мобилдик телефондорун уурдоого шектүу катары Ош шаарында убактылуу жашаган Өзгөн районунун тургуну 1985-жылы туулган У.М. кармалды.

Ал 13-май күнү Ош шаарында 28 жаштагы келиндин 13 миң 500 сомдук "Самсунг" үлгүсүндөгү телефонун сумкасынан уурдай качып, бирок изи сууй электе кармалган.

Аны кармаган учурда жанынан жабырлануучу келиндин телефонунан башка дагы 24 мобилдик телефондор табылган. Шектүү бул телефондордун Ош жана Бишкек шаардарынан уурдаганын билдирип, моюнуна алган. Ал телефондорду Кыргыз Республикасында башка жарандарга сатуу өзү үчүн кооптуу экендигин эске алып, коӊшу өлкөгө сатуу ниети бар болуп жүргөндүгүн билдирген.

Учурда шектүүнүн үстүнөн КР Кылмыш кодексинин 209-беренесинин ("Аалдамчылык") белгилери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн коңшу өлкөлөргө уурдалган телефондорду сатып өткөрүү схемасын, башка кылмыштуу шериктеринин өздүктөрүн аныктоо боюнча ыкчам иштер алынып барылат. Кимде ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 102 же 0556-04-04-00 номерлери аркылуу байланышып коюшуӊуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий