• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарындык уз чеберлердин колунан жаралган кооз шырдак 400 миң сомго сатылды

Аймак 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдак 400 миң сомго сатылды. Нарын шаарында өткөн “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалына коюлган шырдакты Казакстандан келген коноктор сатып алышкан. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эл аралык фестивалга 1 миңден ашуун адам катышкан, алардын ичинде 170и чет элдик туристтер. Андан тышкары, Япония, Өзбекстан, Казакстандын элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишкен.

Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары, көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты.

Пикир

Оставить комментарий