• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык куткаруучулар Азербайжанда эл аралык мелдешке катышууда

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Габала шаарында "Жаш куткаруучу" аталышындагы эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мелдеште жаш куткаруучулар өрт эстафетасы, тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү, издеп-куткаруу боюнча күч сынашып, өз өлкөсүнүн бай тарыхын, маданиятын, жаратылышынын өзгөчөлүгүн көрсөтмөлөр аркылуу даңазалашууда.

Учурда Кыргызстандын атынан барган жаш куткаруучулар командасы атаандаштардын арасында жогорку даярдыгын жана күчтүүлүгүн көрсөтүүдө. Мелдештин өрт эстафетасы жана тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү түрүндө ишенимдүү түрдө 3-орунду багындарышты. Алдыда дагы издеп-куткаруу боюнча катышуу күтүп турат.

Белгилей кетсек, мелдеш 23-июндан 3-июлга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий