• 87
  • 90.41
  • 0.84

НАТОнун коргонуу чыгымы бир жылда төрт пайызга көбөйткөн

Дүйнө 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Өткөн жылы НАТОго мүчө өлкөлөр коргонуу чыгымдарын кескин көбөйткөн. Бул тууралуу уюмдун 2018-жыл үчүн даярдалган баяндамасында жазылган. Маалыматка караганда, коргонуу чыгымдары боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Литва, Латвия, Эстония, Польша жана Нидерландыда байкалган.

Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, акыркы беш жылдын ичинде НАТОнун жалпы чыгымы эң жогорку чекке жетип, былтыр ал дээрлик төрт пайызга көбөйгөн.

2017-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө европалык өлкөлөрдөн уюмдун бюджетине бөлүнө турган акчанын суммасын көбөйтүүнү талап кылган. Бирок баяндамада белгиленгендей, болгону алты өлкө (Эстония, Греция, Польша, Латвия, Литва жана Улуу Британия) коргонуу чыгымдарын көбөйтүп, аны ички дүң өнүмдүн 2 пайызына чейин жеткиришкен.

Жалпысынан НАТОго мүчө өлкөлөр өткөн жылы коргонууга дээрлик триллион доллар акча коротушкан. Бул сумманын дээрлик 70 пайызы АКШга таандык. Бул өлкө коргонууга Ички дүң өнүмүнүн 3,39 пайызын жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий