• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чехияда Петр Фиала премьер-министр болуп дайындалды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Чехияда 28-ноябрда премьер-министрлик кызматка Петр Фиала дайындалды. Ал жакында эле өткөн парламенттик шайлоодо "Бирге" коалициясы менен чогуу жеңишке жеткен Жарандык-демократиялык партиянын лидери.

Либералдык-консервативдик агымдагы саясатчы Фиала 2012-жылдын майынан 2013-жылдын июлуна чейин Чехиянын билим берүү, жаштар жана дене тарбия министри болуп иштеген. Академиялык коомчулукта ал Брнодогу Масарк университетинин мурдагы ректору жана проректору катары белгилүү.

Фиала оңчул либералдык-консервативдик саясат үчүн идеологиялык негиз түзүүнү максат кылган "Оң жээк" аналитикалык борборун жетектеген. 2007-2012-жылдары Тоталитардык режимдерди изилдөө институтунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Чехия президентинин сайтындагы маалыматка караганда, өкмөт башчыны дайындоо аземи өзгөчө кырдаал жана санитардык-эпидемилогиялык чектөөлөр киргизилген учурда Конституциянын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында даярдалды.

Жакында Чехиянын президенти Милош Земандан COVID-19 вирусу табылып, ал кайра ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Премьерди дайындоо иш-чарасында тазалык эрежеси катуу сакталып, Земан ага макул болгону айтылды. Ал коляскада отуруп, аны менен премьер-министрдин ортосу атайын айнек тосмо менен бөлүндү. Экөө тең аудио жана визиуалдык байланышта болушту.

Пикир

Оставить комментарий