• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Назгүл Коңурбаева: «Биз банктарды бир нече көрсөткүчтөр менен салыштырып көрүп «Бакай Банкты» тандадык

Коом 0

Журналист, «Capital KG» медиакомпаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Capital KG» телеберүүсүнүн алып баруучусу Назгүл Коңурбаева, өз бизнесин кантип ачканы жөнүндө, эмне себептен айрым буюртмачылар менен иштешүүдөн баш тартаары жана ал жетектеген компания эмне себептен «Бакай Банкка» өткөнү туурасында айтып берди.

«Capital KG» медиа-компаниясы жарнамалык, билим берүү жана социалдык багыттагы видео-роликтерди даярдоо менен дагы алектенет. Компаниянын негизги миссиясы Кыргызстанда бизнес-журналистиканы өнүктүрүү.

- Эмне себептен экономикалык темаларда контент даярдоону тандап алдыңыздар?

- Беш жыл мурун кесиптешим Айсулуу Текимбаева экөөбүз бизнес жөнүндө жана экономикалык жаңылыктарды жаза турган маалымат порталын ишке киргизүү туурасында ой бөлүшүп калдык. Бирок бул идея тез эле телеберүү багытына өтүп, «Capital KG» программасы пайда болду. Бул өлкөдө баары эле саясат жөнүндө сүйлөп, саясат жөнүндө жазат. Биз альтернативдүү күн тартибин сунуштоону кааладык. Жаңы ачылганда, бизге көпчүлүк адамдар, рынокто бутуңарга туруп кете албайсыңар, анткени финансылык, экономикалык жана бизнес жаңылыктарга эч ким кызыкпайт, андан көрө саясаттан орун ээлегиле деп кеңеш берип жатышты.

Беш жылдын жыйынтыгы менен биздин туруктуу аудиториябыз бар экенин жана фидбек боюнча адамдар бизнес жаңылыктары, тренд, дүйнөлүк жана жергиликтүү тенденциялар жөнүндө билүүгө кызыктар экенин көрүп жатабыз.

- Экономикалык журналистиканы кайдан үйрөндүңүз?

Мен КУУнун философия жана мамлекеттик башкаруу факультетин аяктагам. Экономикалык билимим жок. Айсулуу экөөбүз бир телеканалда иштеп, бизге дайыма экономикалык темаларды чагылдыруу тапшырмалары берилчү. Андан кийин мен Би-Би-Си кыргыз кызматында иштеп, бир жыл экономикалык рубриканы алып бардым — жумасына бир жолу аналитикалык макалаларды жазып турчумун. Бул мага абдан жаккандыктан, мен экономикалык жана бизнес-журналистика менен алектене баштадым. Башында «Capital KG» экономикалык темаларды гана чагылдырчу — макроэкономиканы, микроэкономиканы — финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу менен алектендик. Бирок, акыркы бир жылдан бери биз бизнести көбүрөөк чагылдырып жатабыз: тренддер, тенденциялар, адаттагыдан өзгөчө кейстер, инвестицияларды табуу, кичи жана орто бизнес үчүн кызык темалар.

- Эмне себептен экономикадан бизнеске өттүңүздөр?

- Анткени беш жыл мурун, биз жаңы гана баштаганда экономикалык жаңылыктарды чагылдырган ТВ-программа да, атайын басылмалар да жок болчу. Биз ушул багытта иш алып барышыбыз керек болду. Андан кийин экономикалык журналистика өнүгө баштаганын көрдүк, Кыргызстанда башка да экономикалык басылмалар жана ТВ-программалар пайда болду. Бул албетте жакшы.

Өлкөдө экономикалык журналистика өнүгүү жолунда болсо, бизнес-журналистика бизде жок. ММКлар материалдарда компаниялардын аталышын реклама деп эсептеп ачыктагылары келишпейт. Ысымдарды жана аталыштарды айтпастан бизнести кантип чагылдырса болот? Бир мисал келтирейин. Биздин Лондондо жашап, «Behavox» компаниясын негиздеген мекендешибиз бар. Компания банктар менен каржы мекемелеринин кызматкерлеринин жүрүм-туруму туурасындагы маалыматтарды талдап, мыйзам бузуучуларды жана алдамчыларды аныктай турган сервис. Алардын ири инвесторлору, өнөктөштөрү жана кардарлары бар. Компания жөнүндө «CNBC», «Financial Times», «Forbes», «Bloomberg» жазып, негиздөөчүсү өзүнүн компаниясы жөнүндө маек берген. Бирок мен кадыр-барктуу дүйнөлүк ММКлар компания жөнүндө сөз кылышсын деп «Behavox» акча төлөп берди деп ойлобойм.

Биз дагы бизнести, компаниялардын аталышын жашырбастан чагылдырабыз. Мисалы, Жалал-Абаддагы бир ишкердин бизнеси чагылдырганбыз — ал калган-каткан эттерден иттин тамагын өндүрүп, аларды АКШга экспорттойт. Биз бул кейсти көрсөткөндө, ага келечекте бирге иштешүү мүмкүнчүлүгү бар ташуучу жана өнөктөштөрдөн чалып жатышты. Биздин ролубуз мына ушунда болду деп ойлойбуз.

- Бизнес-журналистика эмне себептен керек жана ал рекламадан эмнеси менен айырмаланат?

- Кесиптештерим, Кыргызстанда рекламалык рынок чектелүү деп арызданганда, мен, эгер рынок өнүкпөсө, анда рекламалык бюджет да көбөйбөйт деп айтып келем. Бизнес-журналистиканын миссиясы ушунда — рынокту өнүктүрүү. Андыктан баары бири-бирине байланыштуу. Бизнестин потенциалы кандай болсо, биздин рекламалык рынок да ошондой.

Биз бизнести чагылдырууда, сөзсүз акча алабыз деп туура эмес ойлоп алып жатышат. Бизде «Capital KG» программасынын алкагында өнөктөштүк долбоорлор бар, бирок алар көп эмес. Биз программабыздын ичинде жарнама менен алектенбейбиз, түздөн-түз реклама кылбайбыз. Бизге кызматташтык сунушталганда, продукт же демилге биздин баалуулуктарыбызга туура келбесе баш тартабыз.

- Кандай гана продакшн-студия болбосун КТРКга кайрылып, өзүнүн ТВ-долбоорун сунуштай алабы?

- Ооба. Алгач биз башка каналдан чыкчубуз, андан соң КТРКдан өздөрү байланышып, чакырышты. Бул сунуш биздин максатыбызга төп келди, анткени КТРК өлкөнү толугу менен камтыйт. Биз калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну каалаганбыз, андыктан көрүүчүлөрдүн саны маанилүү болчу. Бул коомдук канал болгондуктан, ал баарына ачык деп ойлойм.

- Сиз баалуулуктар жана миссия туурасында бир нече жолу айтып өттүңүз. Алар кандай?

- Бизге кээде бизнестин кызыкчылыгын коргойсуңар деп айтышат. Биз буга макулбуз. Бирок биз бир коммерциялык компаниянын кызыкчылыгына карабайбыз, биз Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн жалпысынан бизнести алдыга жылдыруу менен алектенебиз. Биз дайыма ачык иштейбиз, башкача айтканда келишимдер менен иштеп, салык төлөйбүз.

Ошондой эле, ар бир долбоордун биздин баалуулуктарыбызга жана өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайыгын баалайбыз. Жакында эле бизге оффшор, өлкөдөн капитал чыгарып кетүү схемалары жөнүндө программа жасоо боюнча сунуш түштү, бул Кыргызстандын экономикасынын кызыкчылыгына туура келбейт. Биз андан баш тарттык.

Эгер биз чынчыл жана адилеттүү коом үчүн жан үрөп жаткан болсок, анда өз принциптерибизди карманып, акча төлөп беришсе эле, ойлонбой сүйлөй бербешибиз керек. Биздин коммерциялык кызыкчылыктарыбыз бар, бирок алар эч качан биздин баалуулуктардан жогору коюлбайт.

- Жеке бизнести баштоо үчүн, баштапкы капиталды кайдан таптыңыздар?

- Башында биз насыя алалы деп ойлодук, камера алуу, имарат ижарасын төлөө үчүн унааларыбызды да сатууга даяр элек. Бирок биз анча чоң эмес суммадагы каражат бөлүп берген инвестор таптык. Старттык капитал маанилүү, бирок эң негизгиси ага болгон мамиле. Биз Айсулуу экөөбүз каражатты сарамжалдуу колдонуп, минималдуу салымдар менен иштедик. Биз инновация жөнүндө сөз кылганда, технология эле эмес, менедженттеги инновацияны да эске алышыбыз керек. Мисалы, көпчүлүк биздин студияда мыкты плазмалык экран турат деп ойлошот. Чынында ал картина тартылган картон панель.

Башка маанилүү жагдай — биз Айсулуу экөөбүз тең жумуштарыбыздан кеткенбиз, бизнес менен кошо алектенүү аракетин көргөн жокпуз. Иш жүрбөй калат деп өзүңө болгон ишенбестик ийгиликсиз натыйжаларды берет.

- Инвестициялар качан өзүн актай баштады?

- Бир жылдан кийин биз туруктуу абалга жеттик. Албетте, андан кийин да кыйынчылыктар болду, өзүн-өзү тез эле актайт деп эсептебеш керек. Финансылык чакырыктар дайыма бар; болгону алардын масштабы өзгөрөт: алгач жүз доллар өлчөмүндө, андан ары беш жүз, миң доллар өлчөмүндө.

- Азыр банктык кызмат алуу үчүн «Бакай Банкка» өтүп жатасыздар. Эмне себептен «Бакайды» тандадыңыз?

- Мен бухгалтер менен кеңешип, бир нече банкты бир катар параметрлер менен карап чыктык. Эсептик-кассалык кызмат үчүн ыңгайлуу жана ийкемдүү банк катары «Бакайды» тандадык. Ошондой эле башкы кеңсесинде тейлөө ыкчам жүргүзүлөөрүн байкадым. Буга чейин «Бакай Банк» менен иштешкен өнөктөшүбүзгө акча которуп турчубуз, алар ыкчам жүргүзүлгөнүн белгилегим келет.

Пикир

Оставить комментарий