• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Назым Нурланов Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 23.10.23./Кабар/. Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Назым Нурланов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандык спортчу 75 кг чейинки салмакта катышкан.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке учурда Кыргызстандын каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулары катышып жатат.

Буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медалга ээ болгон.

20-октябрь күнү башталган мелдештер 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий