• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Некролог - Кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишенов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Кыргыз эли жана кино коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер жана кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү, сүрөтчү Сагынбек Ишенов 90 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Сагынбек Ишенов 1934-жылдын 5-апрелинде Чүй облусунун Дөң-Арык айылында туулган.

Сагынбек Ишенов 1961-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктагандан кийин эмгек жолун “Кыргызфильм” киностудиясында сүрөтчү катары баштаган. Ал 1966-жылы СССР Кинематографисттер союзуна, 1967-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзуна мүчө болгон.

Ал 1976-жылы “Кыргызфильм” киностудиясынын алдында жаңыдан уюшулган “Кыргызмультфильмге” жетекчи болуп дайындалып, алгачкы кыргыз мультфильми болгон “Сандардын чатагы” экранга чыккан.

Кыргыз көркөм сүрөт өнөрүн жана кыргыз кино искусствосун жана кыргыз мультипликациясын Сагынбек Ишеновсуз элестетүү эч мүмкүн эмес. Ал өзүнүн чыгармачылык жолундагы тынымсыз эмгегинин аркасында 700дөн ашуун көркөм сүрөттөрдү жаратты. Анын жараткан эмгектеринде кыргыздын ажайып кооз жерлери, тоолор, талаалар, тарыхый эстеликтер, күжүрмөн айылдык эмгекчи дыйкандар, сугатчылар, колхозчулар, илим-билимде атагы таш жарган окумуштуулар жана медицина тармагындагы белгилүү инсандар, маданиятыбызга өзгөчө салым кошкон сүрөтчү жана киноактер, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, акын Жолон Мамытов, композитор Таштан Эрматов, Кыргыз эл артисти Тургун Бердалиев сыяктуу бир нече инсандардын портреттери, кыргыздын балбаны Кожомкулдан тартып таанымал комузчу өнөрпоздордун бейнелери таасын ачылып берилген.

Сагынбек Ишеновдун М. Убукеевдин “Тоо суусу” (1960-ж.), Л. Турусбекованын “Улуу эпос” (1962-ж.), М. Рошальдын “Космонавттар көчөсү” (1963-ж.), Т. Океевдин “Бакайдын жайыты” (1966-ж.), “Отко таазим” (1971-ж.), Ж. Соданбектин “Бурма” (1971-ж.), Ю. Борецкийдин “Ак куулар конгон Айдың-Көл” жана Ү. Ибрагимовдун “Ташка баткан элестер” (1975-ж.), Т. Раззаковдун “Сыпайчы” (1976-ж.) көркөм тасмаларында сүрөтчү-коюучу катары өзүн чебер адис экендигин көрсөтүү менен кыргыз кинематографиясына да эбегейсиз салым кошту. Анын кыргыз кинематографиясына кошкон салымы бүгүнкү күндө да, келечекте да муундан-муунга өрнөк болуп кала бермекчи.

Сагынбек Ишенов союз мезгилде жарык көргөн “Колобок”, Т. Молдонун “Кемчонтой”, К. Баялиновдун “Мурат” сыяктуу көптөгөн китептеринин мукабаларын кооздоп, көркөм адабияттын жана окуу куралдарынын мыкты сүрөтчүсү катары балдар адабиятына да салым кошкон. Ал эми Токомбаевдин “Күүнүн сыры” жана “Аңчы Акай” китептеринин сырткы мукабалары балдардын дүйнө таанымы менен жаралган.

Сагынбек Ишенов табиятынан бүткөн талантын бапестеп, кайсыл гана тармакта иштебесин сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай колуна кыл калемин алып, жаратылыштын кооздугун даңазалаган шедеврларды жараткан. Анын “Кызыл өгүз жана жалгыз соко” сүрөтү СССР боюнча эң мыкты деп табылып, Москвадагы Третьяков галереясынан орун алган. С. Ишеновдун жүздөгөн сүрөттөрүнүн ичинен “Кожомкул балбан”, “Манас”, “Бурана”, “Ысык-Көл жана Алыкул Осмонов”, “Таштан Эрматов”, “Оодарыш”, “Көкөй кести”, “Жергиликтүү палван жигит”, “Касым Жумабаев”, “Мырза уулу Иманкул” аттуу көркөм сүрөттөрү көпчүлүк сүрөт ышкыбоздорунун кызыгуусун жараткан. Бул иштерде эстетикалык бийиктик, табияттын өзгөчөлөгүн даңазалап көрсөткөн чеберчилик жана андагы көрүнүштөрдүн абалын дааналап көрсөткөн айырмачылык байкалат.

Ал режиссер-коючу катары 1978-жылы “Олокон”, 1979-жылы “Меке чал менен Кара дөө”, 1980-жылы “Эки бөжөк”, 1982-жылы “Портрет”, 1983-жылы “Толубай сынчы”, 1988-жылы Акын (Алыкул Осмонов) аттуу мультфильмдерди жараткан.

1985-жылы жүздөгөн мамлекеттердин катышуусунда Франциянын Анси шаарында өткөн Эл аралык кинофестивалда Сагынбек Ишеновдун “Толубай сынчы” мультипликациялык тасмасы башкы байгеге ээ болуп, диплом менен сыйланган. 1988-жылы улуу акын Алыкул Осмоновдун бейнесин ачуу үчүн “Калыптануу. Акын Алыкул Осмонов” аттуу мультипликациялык тасма чыгарган, бул үчүн ага Эл аралык “Алыкул” сыйлыгы ыйгарылган.

Сагынбек Ишеновдун жаркын элеси элибиздин, чыгармачыл интеллигенциянын жана жакындарынын арасында түбөлүккө сакталат.

Сагынбек Ишеновдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.А. Максутов, Т.С. Садыков, Ч. Абыкеев., Т.М. Ажымалиев, Ч.Эсенгул уулу,С. Шер-Нияз, А. Бекболотов, М.А. Бектеналиев, Ж. Өзбекова, Т.А. Кулмендеев, Н.К. Токомбаева, М. Мусаев, Н. Мамбетова, К. Абдыгулов, Ж. Соданбек, Т. Ибрагимов, А. Сүйүндуков, А. Арым-Кубат, Ж. Сыдыкбаева, Н. Абдыкадыров, Ж. Жунушев, С. Торобеков, А. Осмонов, Ж. Молдокматов, И. Чаланов, Ж. Матаев, Б. Одуракаев, А.М. Жангазиев, Г.К. Керимова, Т.М. Бирназаров, Б. Мукул, А. Дайырбеков ж.б.

Пикир

Оставить комментарий