• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Некролог - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыгүл Мырзаева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаева дүйнөдөн кайтты.

Бактыгүл Мырзаевна 1956-жылы 15-мартта Ош облусунда туулган.

1977-жылы В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын китепкана жана библиография бөлүмүн аяктаган. Ал кесиптик даярдыктын бардык этаптарынан өткөн.

1977-жылдан баштап 1979-жылга чейин Өзгөн райондук китепканасында бөлүм башчы болуп иштеп баштаган. 1979-1982-жылдары Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы, усулдук бөлүмүдүн башчысы, 1993-жылы аталган китепкананын директору кызматында эмгектенген.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы сыяктуу маанилүү жана жоопкерчиликтүү кызматтарда эмгектенип келген.

Бактыгүл Мырзаевна 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген. Китепкана – бул маданияттын жана билимдин, руханий азыктын мекени. Өмүрүн дал ушул маданият үчүн, адабият үчүн өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, коомдогу маданиятты жана ынтымакты сактоодо китепкана тармагында чоң иштерди жасап кетти.

Бактыгүл Мырзаеванын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 2018-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган.

Бактыгүл Мырзаеванын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

Э.Байсалов, А.Максутов, Т.Ажымалиев, Г.Абдыкадырова, Ч.Эсенгул уулу, М.Тагаев, Б.Секимов, М.Бектеналиев, Ж.Кулманбетов, М.Бегалиев, К.Осмонов, Р.Бакеев, Н.Жолдошов, В.Өмүрбек кызы, Ч.Тойчубекова, К.Момункулов, Т.Обозова, А.Аскарова, Ж.Бакашова, Р.Султангазиева, Э.Доолотова, С.Токтомаметова, С.Аталиева, Т.Пирматова, Т.Жаркыналиева, Т.Каджиева, З.Мусиева, А.Байгабатова.

Пикир

Оставить комментарий