Некролог – Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнөдөн кайтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмазбек Жумабекович 2021-жылдын 28-февралында узакка созулган оорудан улам 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунда туулган. 1986-жылы Новосибирcктеги жогорку аскердик-саясий окуу жайын, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2011-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Өз эмгек жолун 1986-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-саясий кызматтарында иштөө менен баштаган. 1991-2001-жылдары кыргыз-кытай биргелешкен "Торугарт-Транзит" ЖЧКсынын Башкы директору болуп иштеген.

2001-2002-жылдары Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө жана коргоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, 2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2005–2006-жылдары Кыргыз Республиканын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы катары кызмат кылган.

2007-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. 2015-жылдын 4-октябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Алмазбек Акматов үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жапаров С.Н., Мамытов Т.Т., Марипов У.А., Касымалиева А.К., Сыдыгалиев Н.О., Абдыкеримов Ш.Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С.А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Алимбеков Н.К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Анарбаев С.С., Арапбаев А.А., Арзыбаев Н.И., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д.Б., Байбакпаев Э.Д., Баймуратов К.Ш., Бакиров М.И., Бакиров О.М., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д.Д., Бердиев А.Т., Бешимбаева А.К., Бокоев К.С., Джумабеков Д.А., Джураев С.М., Дюшалиев А.К., Жапаров А.К., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Ибраев С.К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д.Ш., Исаев К.К., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Карыбеков А.К., Келдибаев С.А., Кенжебаев Б.Б., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Койчуманов М.Н., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашова А.Т., Маннанов И.А., Матраимов И.И., Молдалиев С.У., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.В., Нурбаев А.М., Нурдинов Б.Б., Нышанов С.К., Омуркулов И.Ш., Ормонов У.З., Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Д., Садиков У.Ч., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сыдыгалиев Б.К., Сырдыбаев Н.М., Тагаев Э.С., Текебаев О.Ч., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Торобаев Б.Э., Торокулов Д.Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турдумамбетов О.Ж., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., Урумкалиева Ч.Ч., Шарапов З.Э., Эгембердиев М.Б., Эсенаманов З.С., Юсуров А.Л., Сабырбеков А.А., Аманбаев Б.А., Шаболотов Т.Т., Сыдыков Э.М., Гайпкулов И.Т.

Пикир

Оставить комментарий