Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште 13 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 26-28-февралда Украинанын Киев шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан эркин, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы катышты. Кыргызстандык спортчулар 13 медаль: 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло утту.
Алтын байгени:
Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
Узур Жусупбеков - 97 кг.
Күмүш медалды:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Назира Марсбек кызы - 59 ;
Айпери Медет кызы - 74 кг;
Эрназар Акматалиев - 65кг.
Коло медалды:
Амантур Исмаилов - 67 кг;
Исламбек Орозбеков - 70 кг;
Икромжон Хаджимурадов - 61 кг;
Бекболот Мырзаназар уулу - 57 кг;
Нуртилек Карыпбаев - 86 кг;
Алибек Осмонов - 65 кг.
Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий