• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык футболчу мальдивдик клубда ойной баштайт

Спорт 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызстандык футболчу Аскарбек Салиев мальдивдик Eagles клубунда ойной баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы оюнчу Кочкор-Атадагы “Нефтчи” клубунда ойноп келген. Transfermarkt басылмасы футболчуну 200 миң еврого баалады.

Салиев карьерасын 2017-жылы “Алга” клубунан баштаган. Андан кийин “Дордой”, “Илбир”, “Алай” жана “Нефтчи” командаларынын катарында оюн өткөргөн.

Мындан сырткары, төрт кыргызстандык футболчу чет өлкөлүк клубдарга өткөн:

Мирлан Мурзаев индиялык “Мохаммедан” клубуна;

Атай Жумашев индиялык “Раджастан Юнайтед”;

Элдар Молдожунусов индиялык “Гокулам Керала”;

Эммануэль Ягр индиялык “Черчилль бразерс Гоа”.

Пикир

Оставить комментарий