Непалда суу ташкыны жана жер көчкүдөн улам каза болгондордун саны 65ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 15.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Непалда суу ташкыны жана жер көчкүдөн улам каза болгондордун саны 65ге жетип, 38 адам жабыркаган. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Буга чейин 50 адам каза болуп, 25и жабыркаганы айтылган.

Мындан сырткары, дайынсыз жоголгон 30 адамды издөө уланууда. Куткаруучулар кооптуу жерден 1 миң 146 тургунду эвакуациялаган. Кырсыкка өлкөнүн 22 району туш болгон жана айрым жерлерде электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатат.

Нөшөрлөгөн жаан аз дегенде дагы 2 күнгө созулары күтүлүүдө.

Мындан мурдараак Непалдын Ички иштер министрлиги дарыянын жээгинде жашаган тургундарга коопсуз жерлерге көчүүсүнө чакырган.

Пикир

Оставить комментарий