• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

НМУнин студенттерине КР премьер-министринин белеги тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.10.17./Кабар/. КРнын Премьер-министринин студенттерге арналган белегин бүгүн, 2017-жылдын 9-октябрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугууда тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, А.Кайыпов студенттер Премьер-министр менен болгон жолугушууда ар түрдүү багытта суроо узатышып, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары, калктын коопсуздугу, социалдык көйгөйлөр боюнча тийиштүү жооп алгандарын белгиледи.

Эске сала кетсек, премьер-министр Сапар Исаков үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Нарын облусуна болгон иш сапарында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучу жамааты менен жолугушуп суроолорго жооп берген. Анда НМУнун Педагогикалык факультетинин ЕНО-16 группасында окуган Жетиген кызы Калемкаш жана Агрардык колледждин ФИН-16 группасында билим алып жаткан Дүйшөнбек кызы Мединага өкмөт башчы белек берээрин айткан.

Пикир

Оставить комментарий