• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Базар-Коргондо эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 31-март күнү 14 жаштагы М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

“13-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 17 куткаруучу, беш милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Бирок, натыйжа болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден белгилешкендей, издөө иштери баланын ата-энесинин макулдугу менен токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий