• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ноябрда кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Индия элчиси кызматындагы миссиясына байланыштуу Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерди жана долбоорлор, анын ичинде Кыргызстан менен Индия өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында тез кайтарым берүүчү долбоорлорду ишке ашырууга гранттык жардам көрсөтүү жана Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар өлчөмүндө кредиттик линия бөлүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде элчи эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Инвестиция, медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууга, соода-экономикалык багыттагы маселелерге, ошондой эле Кыргызстанда социалдык жана социалдык өнүгүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар 2022-жылдын ноябрь айына пландалган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун онлайн режиминде өткөрүү маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий