Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Ички иштер министринин буйругунун талаптарына ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчилер дайындалды.
Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев Ноокат РИИБдин өздүк курамына төмөнкү жаңы дайындалган жетекчилерди тааныштырды.
- Ноокат РИИБдин башчысы болуп Жуманазар Орозбаев дайындалды;
- Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары – кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы болуп Медер Асанов дайындалды;
- Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары – коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп Сейитбек Молдобаев дайындалды;
- Ноокат РИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары болуп Илимбек Маматеминов дайындалды.
Нурланбек Бурканов жаңы дайындалган жетекчилерге ийгилик каалап, эң башкы милдет коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын арыз-даттанууларын мыйзамдын талаптарына ылайык ыкчам жана канааттандырарлык чечүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле аткарып жаткан иштерге эл тарабынан жакшы баа берилгенде гана оң натыйжа болорун баса белгиледи.
Ал эми мурда аталган кызматтарды жетектеп келген жетекчилер Кыргыз Республикасынын ИИМдин комиссиясынын текшерүүсүнөн кийин ээлеген кызматтардан бошотулган.
Пикир
Оставить комментарий