• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Асанкары Ахматов Кемин районунун башкы архитектору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Ахматов Асанкары Садыркулович Кемин районунун башкы архитектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүү Мамкурулуш агенттигиндеги кадрдык реформанын алкагында болду.

Жаңы дайындалган башкы архитектор Асанкары Ахматовду эмгек жамаатына Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Чолпонбек Мурзакулов тааныштырды.

Жаңы жетекчинин билими жогорку, архитектура тармагында иш тажрыйбасы жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий