Ноокат районунда издөө-куткаруу иштерине 637 адам тартылды

Кырсык 0


Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. 29-июнь саат 00:10го карата сел жүргөн Ноокат районунда издөө-куткаруу иштерине 637 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинде ӨКМден 127 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 60 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 450 адам бар. Ошондой эле 4 жүктөгүч жана 11 экскаватор тартылды.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин эскертет.

Белгилей кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында катуу жаандан улам сел жүрүп, сайда эс алып жүргөн 6 адамды агызып кеткен. Кийин алардын бешөөнүн сөөгү табылган. Учурда бир адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий