• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ноокат районунда селден коргоочу дамбалар оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда селден коргоочу дамбалар оңдолууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын Көк-Жар тилкесиндеги "Сапарбаев 1" каналын алты жолу сел каптаган. Мындан улам, дамбалар шилендилерге толуп кыйроого учураган.

Жазгы талаа жумуштарына карата дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 12 дамба оңдолуп жатат.

Көк-Жар тилкесиндеги дамба мурун 4 метр болгон болсо, ал 12 метрге чейин кеңейтилүүдө. "Сапарбаев-1" каналы жалпысынан 3,5 миң гектар эгин аянттарын сугат суу менен камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий