• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ноокат районунун аймагында 4 социалдык объект пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Ноокат районунун аймагында төрт социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алсак, Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү №28 "Абшыр-Ата" Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Арык-Тейит айылындагы милиция кызматкерлеринин аймактык таяныч пунктунун имараты жана Кулуштан айылына курулган "Кулуштан казы" аркасы пайдаланууга берилди. Ошондой эле Абшыр-Ата айылындагы "Жаша балалык таңы" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты оңдоодон өткөрүлүп, ишке берилди. Анда балдарды тарбиялоого толук шарт түзүлгөн.

Иш чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев, Ноокат районунун акими Ж.Субагожоев, Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Ахунов, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Осконалиев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

  • №28 "Абшыр-Ата" Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулушунун сметалык баасы 22 млн 352 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Абшыр-Ата жана Кожо-Арык айылдарынын 8 миң тургунун тейлейт;
  • Арык-Тейит айылындагы милициянын таяныч пунктунун курулушунун сметалык баасы 1 млн сомду түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан керектүү эмеректер алып берилди;
  • "Жаша балалык таңы" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты учурунда "Абшыр-Ата" ФАП болуп курулганМында кбала бакча кылып кайра түзүү жумуштарынын сметалык баасы 3 млн 300 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сом, эл тарабынан 300 миң сом акча каражаты сарпталган.
  • Кулуштан айылындагы "Кулуштан казы" аркасынын курулушунун сметалык баасы 750 миң сомду түзүп, анын 200 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланса, калган каражат жааматтар тарабынан берилген.

Пикир

Оставить комментарий