• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокатта 100 орундуу заманбап мамлекеттик-жеке бала бакча ачылат

Аймак 0

Ош, 21.12.18. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат шаарында заманбап 100 орундуу мамлекеттик-жеке бала бакчасы ачылат. Бул тууралуу Ноокат шаардык мериядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган имарат 10 жылдан ашык бош турган. Ошол себептен имаратта ремонт жасап аны бала бакча кылуу чечими кабыл алынган. Жаңы бала бакча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында иштейт.

Учурда “Саламат” бала бакчасына керектүү эмеректер алынып, балдарды кабыл алуу жүрүп жатат.

Бала бакчанын башчысы Гүлнара Дунаева билдиргендей, бул бакчанын ачылышы бала бакчаларга болгон кезекти азайтат.

Ноокаттын мэри Жоомарт Нурдинов кабарлагандай, социалдык келишимдин алкагында аталган бала бакчага жергиликтүү бюджеттен жардам көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий