• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган конференция өттү - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Бүгүн 21-декабрда, Бишкекте «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: талдоо жана мыйзам чыгаруу ишинин келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференциянын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков чыгып сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин баардык чакырылышынын төрагаларын жана депутаттарын кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Бүгүн Кыргызстан — парламенттик демократиянын жолун тандаган республика. Эл аралык аренада өлкөбүздүн „демократиянын аралы“ катары таанылышына, биринчи кезекте, парламент эмгек сиңирди", - деп белгиледи Президент.

Конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Алиона Никулита, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов сөз сүйлөштү. КМШ мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин башкы катчысынын орун басары-КР Жогорку Кеңешинин КМШнын Парламенттик Ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев Россия Федерациясынын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун куттуктоосун окуп берди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гульбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Акылбек Жапаров, Каныбек Иманалиев, ошондой эле экс-спикерлер Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары баяндама жасашты.

Конференциянын ишинин жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий