• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрайымын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялары тандоо боюнча кеңешинин жаңы шайланган төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды. Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

Барыктабасова учурда жүрүп жаткан сот реформасынын алкагында Кеңештин орду, аткарган жана алдыда аткара турган иштердин натыйжалуулугу тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле мамлекет тарабынан коррупц ияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу, алардын алдын ала болтурбоо, Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзамдар менен иштөөдө кандай карама-каршылыктар бар, аларды жоюу жана талапка ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу көрүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кеңеш тарабынан тандоо сынагын өткөрүүнүн сапатын жогорулатууну жана жаңы талапкерлерди тандоодо алардын кесипкөйлүк, адилеттүүлүк, адамдык сапаттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ал баса белгиле гендей, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин өз ишмердүүлүгүнө жоопкерчилик менен мамиле жасашынан өлкөнүн судьялык корпусунун тазалыгы жана адилеттүүлүгү көз каранды.

Жээнбеков ушул жумада президенттин алдындагы Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөөрүн эске салды.

Ал Судьяларды тандоо боюнча Кеңештин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча каалоо-тилектерин айтып, жаңы шайланган төрайымдын иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий