Ноокатта 59 турак жайга сел суулары кирип, үчөө жараксыз абалга келген

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда 59 турак жайга сел суулары кирип, үчөө жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү бир катар мекемелердин кызматкерлери Ноокат районунун Гулистан, Исанов, Кулатов жана Көк-Жар, Жаңы-Ноокат айыл аймактарына барып, курулуштардын абалы менен таанышып чыгышты.

Жалпысынан 59 турак жай жана чарбалык курулуштарга сел кирип, натыйжада Гулистан айыл аймагынан 3 турак жай жараксыз абалга келгендиги аныкталды.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, алардын бардыгы эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 9 адамга жетип, дагы бир адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий