• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарында 11-классты 427, 9-классты 746 окуучу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарындагы бардык орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Нарын шаарындагы 8 орто мектептен 11-классты 427, 9-классты 746 окуучу ийгиликтүү аяктады.

"Окуу жылынын аякташы менен алдыңкы окуучуларга жана коомдук иштерге жигердүү катышкан, ар кандай кароо-сынакта ийгилик жараткан жалпы 80 окуучуга Нарын шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин ыраазычылык каттары жана шаар мэринин стипендиялары тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий