Ноокатта айдоочу сарайды сүзүп, кырсыктан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.08.22./Кабар/. Ноокат районунун Байыш айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сарайды сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши каза болуп жана дагы бир эркек (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий