• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Тельман – Кара-Кой ички жолу жабылды

Кырсык 0


Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Бүгүн саат 17:15 чамасында Ноокат районунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анын кесепетинен Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман – Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий