• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ноокатта мыйзамсыз деп табылган эки кабаттуу соода түйүнү буздурулду

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Ноокатта мыйзамсыз деп табылган "Жоробай-Ажы" соода түйүнү буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ноокат райондук сотунун чечими менен Ноокат шаарынын О.Солтобаев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 2 кабаттуу “Жоробай-Ажы” соода түйүнү мыйзамсыз деп аныкталып, курулушту буздуруу боюнча чечим чыгарылган. Демантаждоо иштери Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Мамкурулуш агенттиги курулуш курууда мыйзамсыз иш-аракеттерге баруу менен чоң чыгымдарга учурап калбоо үчүн архитектуралык иш-кагаздарды толугу менен даярдап, анан курулуш иштерин баштоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий