• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюга атайын штаб түзүлдү

Кырсык 0


Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокаттагы селдин кесепеттерин жоюуга, издеп-куткаруу иштерин көзөмөлдөөгө штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жалпысынан 127 куткаруучу тартылып, медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүгө 12 дарыгер, психолог иштеп жатат. Жалпысынан 637 адам иш алып барууда.

Ал эми эки тараптуу жабылган Көк-Жар — Кулатов жолу болжол менен саат 01:00дө ачылып, ИИБ кызматкери жол кыймылын көзөмөлдөөдө. ӨКМден 2 хово, 2 экскаватор 2 тралл тартылды.

Штабда жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынын тутуму, сел кесепеттерин жоюуга техникалары да иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий