Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда Ноокат районунун Кулатов, Көк-Жар жана Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден 5 экскаватор, 6 самосвал, 1 бульдозер жана жарандык коргонуу кызматтарынан 13 техника тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Кулатов айыл аймагынан 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, ӨКМден 68 куткаруучу тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, алардын бардыгы эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден селдин кеспетинен 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий