Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда 2-июлда каналдардын биринен белгисиз кыздын сөөгү табылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине райондук ИИБден кабарлашты.
Тергөөчүлөрдүн айтуусунда, мурда кыздын апасы милиция кайрылып, кыздын жоголуп кеткендигин билдирген, бирок арыз жазган эмес.
Милиция кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун ким экендигин аныкташкан. Маркумдун аты Махлюба 22 жашта болгон, ал жакында эле турмушка чыкпастан, төрөп койгон.
“Тергөөчүлөр аныкташкандай, үй-бүлөдө маркум менен апасы жана инисинин ортосунда чыр чыккан. Алар биздин үй-бүлөнү уят кылдың дешип, кызды үйгө киргизишкен эмес. Болжолдуу маалыматтар боюнча эне-бала кыздын бутун байлап, каналга түртүп салышкан”, - деп билдиришти.
Учурда маркумдун апасы менен иниси Ноокат райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайында. 97-беренеге (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Жакын туугандары Махлюбаны жерге беришкен.
Пикир
Оставить комментарий