Ноокаттагы сел. Абшыр-Атада калган 180 адам коопсуз жайга эвакуацияланууда

Кырсык 0


Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокатта катуу сел жүргөн учурда Абшыр-Атада калып калган 180 жаран коопсуз жайга эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Саат 11:50гө карата алынган маалыматка ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, 3 экскаватор, 2 самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, 7 самосвал, 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор 1 кран, жергиликтүү тургундардар 120 адам, жалпы 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган.

Жеринде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды координациялоо үчүн КР ӨК министринин орун басарлары Акылбек Мазарипов, Эделбек Кулматов жөнөп кетишкен.

Мындан сырткары куткаруучулар тарабынан Апшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жаткан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза болгону жана дагы бирөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен.

Мындан тышкары, жамгыр катуу жааган учурда Абшыр-Ата эс алуу жайында 500дөн ашык, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Учурда алар ӨКМдин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Пикир

Оставить комментарий