Ноокаттагы сел. Абшыр-Атадан жарандар эвакуацияланууда

Кырсык 0


Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокаттагы катуу жүргөн селден улам Абшыр-Атада эс алып жүргөн 500гө жакын адам калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар аларды эвакуациялоо, издөө жана куткаруу иштерин улантышууда.

Мындан сырткары, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Жерине айыл аймактан 10 киши атчан жөнөтүлүп, жолдон 30 адамды табышкан. Андан ары тактоо иштери улантылууда.

Кезарт жайлоосуна КР ӨКМден кошумча 8 куткаруучу жөнөп кетти. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий