• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ноокаттагы сел. Издөө, куткаруу жана эвакуация иштери өз учурунда жүрдү – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 06.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ноокаттагы селдеги издөө, куткаруу жана эвакуация иштери өз учурунда жүрдү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 28-июнда Ноокат районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу максатында жеринде министрдин эки орун басары иштерди алып барышкан. Анда тынымсыз аткарылган иштердин натыйжасында миңден ашык адам куткарылган.

“Сел катталары менен ошол замат биздин кызматкерлер анын ичинде атайын багыттагы куткаруу отряддары жерине жөнөп кетишкен. Алар тиешелүү эвакуация иштери жүргүзүлүшү керектигин маалымдашкан соң, шаркыратмадан бери миңден ашык адам куткарылды. Издөө, куткаруу иштери үзгүлтүккө учураган жок. Түнкү саат 11-12лерде да тапшырмалар берилип жатты. Каза болгон он адамдын сөөгү куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен табылды”, - деди ал.

Ошондой эле Урматбек Шамырканов сел каптоолор болоору тууралуу алдын ала маалыматтар, шашылыш билдирүүлөр таратылганын белгиледи. Ал эми селдин кесепетинен адамдардын каза болгонуна социалдык тармактарда ӨКМди айыптап жатышканы туура эмес экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий