• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ноокен райондук администрациясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары жалпы аянты 173,4 кведрат метр түзгөн мамлекеттик мүлктү 36 жылга ижара акысынан бошотуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, бүгүнкү күндө ижарачы тарабынан бир сом төлөнбөй мамлекеттик мүлк коомдук ашкана катарында бекер пайдаланылып келингендиги аныкталган. Натыйжасында мамлекетке 1 млн 441 миң 846 сом зыян келтирилген.

Жогорудагы факты боюнча прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, анын тергөөсү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.

Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий