Наркы $31 млн. Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруучу инвесторлор менен жолугушту.

Бул багытта Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстандын Наманган облусундагы "Art Soft Holding" жана "SASSA GROUP" компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Долбоор ылайык фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын соңуна чейин аяктоо пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Курулуштун жалпы наркы 31 млн АКШ долларын түзүп, миңден ашуун жумуш орундарын түзүү каралган. Текстиль фабрикадасында пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлмөкчү.

Жолугушуунун алкагында Жалал-Абад облусунда дагы бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий