• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ноокен районунда жаңы заманбап калкты тейлөө борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек 15.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тейлөө борборун үстүбүздөгү жылдын апрелинде ачуу пландалган.

Имарат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өнүктүрүү фондунун каражатына курулган жана СӨМгө караштуу “Инфоком” мамлекеттик мекемесинин ыкчам башкаруусуна берилген. Имараттын аянты 407м2.

Бүгүнкү күндө КТБнын ишин ишке киргизүү үчүн бардык зарыл чаралар кабыл алынды, кеңсе эмеректери жана компьютердик жабдуулар сатып алынды.

"Масы айылындагы жаңы калкты тейлөө борборунда жарандар үчүн ыңгайлуу шарттары түзүлгөн, анда фотозона, маалымдама, документтерди кабыл алуу, даяр паспортторду берүү, күтүү залы, нотариус, касса каралган. Мындан тышкары, бул кызматтардын бардыгы электрондук түрдө көрсөтүлүп, жарандарга убактысын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Ноокен районунун Ак-Чий айылында СӨМгө караштуу калкты каттоо департаментинин аймактар аралык айылдык бөлүмүнүн иши жанданат.

Учурда жарандарды кабыл алуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат. Айылдык бөлүмдү ачуу бир айдын ичинде пландаштырылууда.


Маалымдама: Ноокен районунун калкынын саны 150 миңге жакын. Бүгүнкү күндө Масы айылында региондор аралык бөлүм иштеп жатат. Көп сандаган кайрылуулар боюнча, болжол менен 44 миңге калкы бар райондук борбордон 18 миң чакырым алыстыкта жайгашкан Бүргөндү айылындагы бөлүмү ишин жандандырып, калкты паспорттоштуруу, ЖААК жана каттоо линиясы боюнча бардык кызматтарды көрсөтүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий