• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде кургак учуктун алдын алууга арналган акция өттү. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, мекеме, ишкана кызматкерлери жана шаар тургундары, жаштар катышты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, акциянын жүрүшүндө шаардын борбордук аянтында медициналык жардам көрсөтүү бурчтары уюштурулуп, иш-чара спорттук мелдештер менен коштолду.

Белгилей кетсек, иш-чара кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын жана 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий