Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Мусаев Алтынбек Бакытбекович 1980-жылы Сузак районунда туулган.
2002-жылы КР ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясын аяктап, ички иштер органдарында оперативдик кызматтарда иштеген. Алтынбек Мусаев буга чейин Ноокен РИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Пикир
Оставить комментарий