Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Нооруз майрамына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттык иш-чара өтүүдө.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана калаа башчысы Азиз Суракматов шаардыктарды майрамы менен куттуктады.
Чыгармачыл топтордун катышуусунда театралдаштырылган оюн-зоок программасы өтүүдө.Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү өтүүдө.
Бишкектин бардык райондорунда сүмөлөк кайнатылып, улуттук оюндар, концерттик программалар уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий