• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бабанов бир айдын ичинде Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн

Саясат 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Өмүрбек Бабанов бир айдын ичинде Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, "Республика - Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев Россияга барып, Бабанов менен жолугуп келишкен.

"Келем деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз", - деди Сабиров.

Мындан тышкары, Бабанов бүгүн Facebook'дагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазган.

Эске салсак, Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган.

Шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

2017-жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура ага каршы иш козгогон.

Пикир

Оставить комментарий