• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташууну, анын ичинде ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу иш-чараларды өткөрүүнү мындан ары активдештирүүгө даярдыгын тастыкташты.

Эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы жолугушууларды уюштуруу боюнча практикалык кадамдар боюнча келишимдер жетишилди.

Ошондой эле тараптар саясат жана коопсуздук багыт менен кошо эл аралык күн тартиптеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий