• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Нооруз — 2024: Эр эңиш боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Эр эңиш боюнча Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн республикалык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 20-21-март күндөрү "Аккула" ат майданында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы байге фонду 400 миң сом: 1-орун — 28 миң сом, 2-орун — 18 миң 666 сом, 3-орун — 10 миң сом.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг
1-орун Жекшенбек Турдубеков (Нарын);
2-орун Бекбай Шеримбеков (Жалал-Абад);
3-орун Балбай Айдарбек уулу (Ош шаары);
3-орун Элдияр Айдарбек уулу (Баткен);
70 кг
1-орун Аманбай Шайдин уулу (Ош шаары);
2-орун Бактыгул Райхан уулу (Нарын);
3-орун Адис Жыргалбек уулу;
3-орун Адилет Токтогулов;
80 кг
1-орун Калыбек Бузурманкул уулу (Чүй);
2-орун Нурбек Арстанбек уулу (Бишкек шаары);
3-орун Айбек Рысбаев (Ысык-Көл);
3-орун Султан Эрмеков (Баткен).
90 кг
1-орун Ислам Бердибек уулу (Нарын);
2-орун Афтандил Нурлан уулу (Баткен);
3-орун Амантур Мунур уулу (Талас);
3-орун Конокбай Баркижокоев (Ысык-Көл);
100 кг
1-орун Турдукул Абдырахманов (Ош);
2-орун Азатбек Каныбек уулу (Талас);
3-орун Темирбек Ибрагимов (Чүй);
3-орун Таалай Эламан уулу (Жалал-Абад).
+100 кг
1-орун Күмушбек Кыдыралиев (Талас);
2-орун Манас Кылымбек уулу (Жалал-Абад);
3-орун Фархат Камчыбек уулу (Чүй);
3-орун Кайыр Замирбек уулу (Бишкек).

Эскерте кетсек, “Нооруз 2024” республикалык мелдеши Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий