Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы бир нече көчө бүгүн саат 14:00дөн тарта убактылуу жабылды. Мындай чара Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу көрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чектөө киргизилген көчөлөр:
- Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралыгы;
- Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу жүрөт.
Ошондой эле №2 троллейбустук каттамы дагы убактылуу токтоду.
Шаардык мэриядан 22-марттан тарта жол кыймылы кайрадан баштапкы калыбына келтирилерин кошумчалашты.
Белгилей кетсек, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында жаздын жана жаңылануунун майрамы Ноорузга карата майрамдык салтанат өтөт.
Пикир
Оставить комментарий