• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Нарында мектептерде укук бузуу, зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Нарын шаарындагы бардык орто мектеп, лицей, колледждерде укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Нарын шаардык прокуратурасынын демилгеси менен мэрия тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, шаардын прокурорунун орун басары Урмат Карыпбеков жана социалдык коргоо кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, облустук казыяттын өкүлдөрү катышып, зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун кесепеттери тууралуу айтып берип, атайын социалдык роликтер көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий