Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкекте 19-марттан 21-мартка чейин Ала-Тоо аянтында Ноорузду майрамдоого байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу КаМилициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Бул күндөрү төмөнкү жолдор убактылуу жабык болот:
- Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
- Раззаков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Орозбеков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жол кыймылынын катышуучулары абалга түшүнүү менен мамиле кылат деп үмүттөнөт.
Пикир
Оставить комментарий